Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарында жыйымдарды, токтотмолорду

жана унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын бирдиктүү токтотмо мейкиндигин түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Бишкек шаарында жыйымдарды, токтотмолорду жана унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө” жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана  Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин:

а)   Бишкек шаарынын аймагында өз ишмердигин жүргүзүүчү

акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа туруктардын реестри жөнүндө жобону;

б)   Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолордун

жана унаа туруктардын реестрин жүргүзүү тартибин;

в)   токтотмолорду жана унаа туруктарды  уюштуруу тартибин,

ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга жер участокторун пайдаланууга (ижарага) берүү тартибин жана шарттарын;

г)                          акы төлөнүүчү (акысыз) токтотмолордун жана унаа

туруктардын агенттери үчүн жыйымдардын суммасын эсептөө жана төлөө тартибин;

д)    акы төлөнүүчү (акысыз) токтотмолордун жана унаа

туруктардын агенттери үчүн жыйымдын эсептик коюмун эсептөө тартибин;

е)     шаардык токтотмолорду, унаа туруктарды пайдалануу жана

аларда транспорттук каражаттарды жайгаштыруу эрежелерин;

ж)    акы төлөнүүчү токтотмолордун токтотуу орундарына

автотранспорттук каражаттарды жайгаштыруу тартибин;

з)                           акы төлөнүүчү унаа туруктарга автотранспорттук

каражаттарды жайгаштыруу тартибин;

и)      Бишкек шаарынын аймактык баа зоналарын;

к)         Бишкек шаарынын аймагындагы адистештирилген унаа

туруктарга талаптарды;

л)         Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө Бишкек

шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, токтотмолор жана унаа туруктар дирекциясын киргизсин;

м)        жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды

каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы (Р. К. Макенов) менен биргеликте чарба жүргүзүүчү субъекттерге токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу үчүн берилген жер участокторун реестрден бөлсүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, токтотмолор жана унаа туруктар дирекциясынын балансына өткөрүп берсин;

н)         Бишкек шаары боюнча иштеп жаткан токтотмолорду жана

унаа туруктарды инвентаризациялоону жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзсүн;

о)    муниципалдык жерди пайдалануу үчүн тийиштүү

төлөмдөрдү төлөбөгөн, башаламан иштеп жаткан токтотмолорду жана унаа туруктарды аныктоо жана жоюу боюнча чара көрсүн;

п)      мыйзамсыз иштеп жаткан токтотмолордун жана унаа

туруктардын ишмердигин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Администрациялык кодексинин ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын.

3. Токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга (ижарага) берилген муниципалдык жер участоктору максаттуу мааниге ээ жана багыты боюнча так пайдаланышы керек деп белгиленсин.

4. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, токтотмолор жана унаа туруктар дирекциясына төмөнкү иш-милдеттер жүктөлгөнү белгиленсин:

а)       шаардык токтотмолордун жана унаа туруктардын токтотмо

орундарында транспорттук каражаттарды жайгаштырууга (токтотмо орундарын пайдаланууга) төлөм алуудан кирешелердин түшүү бөлүгүндө Бишкек шаарынын бюджеттик кирешелеринин башкы администраторунун;

б)      шаардын администрациялык-аймактык чектеринде акы

төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды түзүү жана эксплуатациялоо менен байланышкан иш-чараларды пландоодо жана өткөрүүдө Бишкек шаарынын аткаруу бийлик органдарынын жана ага караштуу ведомстволук мекемелердин ишмердигин координациялоо боюнча;

в)  шаардык акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа

туруктардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча.

5. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, токтотмолор жана унаа туруктар дирекциясы (К. Кыдыралиев) белгиленген тартипте:

а)       өткөрүлүп берилген жана табылган башаламан иштеп

жаткан токтотмолорду жана унаа туруктарды баланска кабыл алсын;

б)      муниципалдык, жеке жана меймандык токтотмолордун

ишмердигин иретке келтирүү жана муниципалдык жерди пайдаланууга тийиштүү төлөмдөрдү төлөөнү камсыздоо боюнча чара көрсүн;

в)       чарба жүргүзүүчү субъекттер менен автотранспортту

токтотуу жана коюу боюнча кызмат көрсөтүү ишмердигин жүргүзүүгө агенттик макулдашууларды түзүүгө уруксат берсин.

6. “Бишкек шаарынын аймагында автотранспорт орду токтотуу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө” жобонун “Жыйымдардын чени” III главасынан тышкары, Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 135 “Бишкек шаарынын аймагында таштанды ташып чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө” жана “Бишкек шаарынын аймагында автотранспортту токтотуу үчүн жыйымды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө” жоболорун бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.

7.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына                        (Э. Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу Э. З. Зарлыковго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин  төрагасы                                                         А. М. Кененбаев

Бишкек ш.

30-июнь 2016-жыл, №197

Бишкек шаардык кеңештин

2016-жылдын  «30» июнундагы

           №197  токтомуна тиркеме

Бишкек шаарынын аймагында жыйымдарды, токтотмолорду  жана

унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

         I. Жалпы жоболор

 

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

          2. Ушул жобо Бишкек шаарынын аймагында токтотмолорду жана унаа туруктарды башкаруу тартибин белгилейт, Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу жана иштетүү жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт.

          3. Ушул жобо Бишкек шаарынын аймагында токтотмолордун жана унаа туруктардын бирдиктүү жалпы шаардык тутумун башкаруу боюнча негизги багыттарды аныктайт. 

4. Ушул жобо Бишкек шаарынын токтотмо мейкиндигин башкаруу маселелеринде бирдиктүү тартипти белгилөө, шаардык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу жаатында жалпы шаардык саясатты жүзөгө ашыруу, жол кыймылынын коопсуздугунун талаптагыдай шарттарын камсыздоо, салыктык эмес төлөмдөрдүн өз убагында түшүүсүн координациялоо максатында иштелип чыкты.

 

         II. Негизги атоолор жана түшүнүктөр

 

          5. Ушул жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги атоолор жана түшүнүктөр колдонулат:

         Унаа турук – атайын белгиленген, жер участогунун менчик ээсинин/жер пайдалануучунун же имараттын, курулуштун же курулманын бар болгон бөлүктөрүнүн менчик ээлеринин чечими боюнча акы төлөнүүчү же төлөнбөөчү негизде автомототранспорттук каражаттарды уюштурулган кайтаруу үчүн орундарга убактылуу ээлик кылууга (пайдаланууга) берүү үчүн жер катары пайдаланылуучу, анын ичинде эстакада жана көпүрө алдындагы мейкиндиктин, аянтчалардын жана башка көчө-жол тармактарынын, имараттардын, курулуштардын же курулмалардын объекттеринин бөлүгү болуп саналган, курулган жана жабдылган аянт (ачык жана жабык аянтча).

         Машина оруну– атайын белгиленген, бөлүнгөн аянттын чегинде бир автомототранспортту жайгаштыруу үчүн арналган авто коюу жайдагы түзүлгөн жана жабдылган орун.

          Кооперативдик гараждар, гараж– белгиленген тартипте, бул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн орундар жер участокторунда жайгашкан автотранспорттук каражаттарды коюу жана сактоо үчүн уюштурулган, же өзүнчө алынып түзүлгөн жана жабдылган жайлар.

         Токтотмо– атайын белгиленген, анын ичинде автомобилдик жолдун жана (же) өтмө бөлүккө, тротуарга, жолдун четине, эстакадага же көпүрөгө кошулган, же эстакада жана көпүрө алдындагы мейкиндиктин, аянтчалардын жана башка көчө-жол тармактарынын, имараттардын, курулуштардын же курулмалардын объекттеринин бөлүгү болуп саналган жана менчик ээсинин, жер участоктун менчик ээсинин же имараттын, курулуштун же курулманын тийиштүү бөлүктөрүнүн менчик ээсинин чечими боюнча акы төлөнүүчү же төлөнбөөчү негизде автомототранспорттук каражаттардын уюштурулган авто коюу жайы үчүн арналган,  түзүлгөн жана жабдылган орун.

         Токтотмо оруну– атайын белгиленген, бир автотранспорттук каражатты жайгаштыруу үчүн автотоктотмодо түзүлгөн жана жабдылган орун.

         Атайын жабдылган орун– Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган, тийиштүү белгилер, жол чиймелери менен белгиленген, автотранспортту талаптагыдай күтүү үчүн убактылуу тосмосу жана/же башка каражаттары бар автотранспортту токтотуу жана коюу үчүн аянтча.

          Акы төлөнүүчү токтотмо– атайын бөлүнгөн аянтчаларда токтотмо үчүн акы төлөө менен автотранспорттук каражаттарды убактылуу жайгаштыруу үчүн токтотмо. Токтотмолор (токтотмо орундары) автотранспорттук каражаттарды сактоого арналган эмес.

         Акысыз (меймандык) токтотмо – чарба жүргүзүүчү субъекттин объектисине чектешкен, жалпы пайдалануу аймагында меймандык автотранспорттук каражаттарды убактылуу жайгаштыруу жана токтотмо максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жана токтотуу үчүн төлөмгө байланышпаган токтотмо.

         Муниципалдык токтотмолор жана унаа туруктар– муниципалитеттин кызматкерлери тарабынан токтотуу боюнча кызматтар жүргүзүлгөн аймактагы токтотмолор же унаа туруктар.

         Такси токтотмосу – шаардын жүргүнчүлөрдү уюштурган пункттарындагы өтмө бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык жабдылган жана жүргүнчүлөрдү салуу (түшүрүү) жана автомашина-таксилеринин турушуна арналган, тийиштүү жол белгилери жана чиймелери менен белгиленген аянтча.

         Кызматтык токтотмолор– мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык имараттарынын жана курулмаларынын жанында атайын бөлүнгөн аймакта жайгашкан токтотмолор. Кызматтык  токтотмолордо автотранспортту токтотуу үчүн жыйым алынбайт.

         Авто токтотуу – бул максаттар үчүн атайын белгиленген жерлерде транспорттук каражатты жайгаштыруу боюнча кызматтын түрү. Авто токтотуу кызматты пайдаланып жаткан жактардын автотранспорттук каражаттарын жана башка мүлкүн сактоо боюнча кызмат көрсөтүү болуп саналбайт.

         Токтотмону пайдалануучулар– автотранспорттук каражаттарды акы төлөө же акысыз токтотуу кызматтары менен пайдаланган адамдар.

         Токтотмо үчүн төлөм – автотранспорттук каражаттарды токтотуу боюнча кызматтарды пайдаланган адамдардан милдеттүү түрдө алынган акча каражаттар.

         Акы төлөнүүчү унаа турук– күнү-түнү иштеген, бул максаттар үчүн гана каралган аянтчаларда автотранспорттук каражаттарды узакка жайгаштырууга атайын жабдылган, түзүлгөн жай.

         Унаа турукту пайдалануучулар– акы төлөнүүчү унаа туруктарда көрсөтүлгөн кызматтарды пайдаланган адамдар.

         Унаа туруктун аймагы– автотранспорттук каражаттардын түз аралап өтүүсү үчүн арналбаган, тосмосу бар жана автотранспортту коюу үчүн арналган аймак. 

         Унаа турук үчүн төлөм – автотранспорттук каражаттарды коюу боюнча кызматтарды пайдаланган адамдардан алынуучу акча каражаттар.

         Токтотмо жана унаа турук үчүн жыйым– Бишкек шаарынын администрациялык-аймактык чектеринин чегинде токтотмо орундарын берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн мыйзам тарабынан белгиленген милдеттүү акчалай төгүм.

         Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы – Бишкек шаарынын токтотмолорунун жана унаа туруктарынын ишмердигин башкарууга ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү.

         Транспорттук каражаттын орун которуусу  – анын мындан ары эксплуатациялоо мүмкүн болбоосун камсыздоо максатында, транспорттук каражаттын  жайгашкан ордун өзгөртүү.

         Акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа туруктардын агенттери– Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу, жер участокторунун менчигинде/жер пайдалануусунда (ижарада) же имараттардын, курулуштардын же курулмалардын тийиштүү бөлүктөрүнүн, же бул максаттар үчүн бөлүнгөн жайлардын менчигинде турган атайын жабдылган аймактарда автотранспорттук каражаттарды токтотуу жана коюу боюнча кызматтарды жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар.

         Жүк ташуучу транспорт үчүн атайын токтотмо оруну– көрсөтүлгөн уруксат берилген максималдуу салмагы менен жүк ташуучу автотранспорттук каражаттарды жайгаштыруу үчүн арналган токтотмодогу токтотмо орун.

         Адистештирилген уюм – адистештирилген унаа турукта транспорттук каражаттардын ордун алмаштырууну, аларды кайтарууну жана кайтарып берүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жак.

         Адистештирилген унаа турук – мажбурлап эвакуациялоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, мажбурлап эвакуацияланган  транспорттук каражаттарды кайтаруу үчүн арналган атайын бөлүнгөн орун.

 

         III. Токтотмолорду жана унаа туруктарды башкаруу тартибин белгилөөдө Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

 

            6. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары токтотмолордун жана унаа туруктардын ишмердигин башкаруу  маселелеринде Бишкек шаарынын аймагында токтотмолорду жана унаа туруктарды иштетүүнүн жалпы принциптерин белгилөөдө укуктарга ээ.

  

         IV. Токтотмолордун аймактары

 

          7.  Акы төлөнүүчү токтотмолорду жайгаштыруунун аймактык (баа) зоналарын Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

          8. Токтотмонун аймагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү жол белгилери жана чиймелери менен белгиленет.

          9. Токтотмодо белгиленген жол кыймылын уюштуруунун бардык техникалык каражаттары, токтотмонун иштөөсү үчүн арналган бардык стационардык жана мобилдик объекттер, анын ичинде төлөм алуунун объекттери токтотмонун бөлүгү болуп саналат.

  

          10. Үчүнчү жактар тарабынан токтотмодо (токтотуу орунунда) автотранспорттук каражаттарды уурдоо жана зыян келтирүү коркунучтарына автотранспорттук каражаттардын ээлери өз алдынча жооп беришет.

           11. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы Бишкек шаарынын администрациялык чектеринде турган токтотмо орундары менен жайгашкан токтотмолордун реестрин жүргүзөт.

  

V. Токтотмо уюштурууга негизги талаптар

  

           12. Билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо мекемелеринин жанында жүргүнчүлөрдүн чыгуусу жана түшүүсү үчүн жерлер каралган. Көрсөтүлгөн жерлерде транспорттук каражаттарды токтотууга жана коюуга тыюу салынат.

          13. Акы төлөнүүчү токтотмолордун токтотмо орундарында автотранспорттук каражаттарды жайгаштыруу тартибин Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

         14. Токтотмолордо төмөнкүлөргө тыюу салынат:

         а) токтотмо орундарында автотранспорттук каражаттарды эркин жайгаштырууга тоскоолдуктарды түзүүгө;

         б) белгилүү бир түрдөгү автотранспорттук каражаттар үчүн, эгер бул тийиштүү жол белгилери жана (же) чиймелери менен каралса, башка түрдөгү автотранспорттук каражаттарга арналган токтотмо орундарында жайгаштырууга;

          в)токтотмо орундарынын чектерин бузуу менен автотранспорттук каражаттарды жайгаштырууга.

        

VI. Унаа туруктарды уюштурууга негизги талаптар

 

         15. Акы төлөнүүчү унаа туруктарда автотранспорттук каражаттарды жайгаштыруу тартибин Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

          16. Унаа туруктун курамына автотранспорттук каражаттарды сактоо үчүн жайлардан тышкары, авто коюу жайларын тейлеген инженердик жабдууларды, анын ичинде өрткө каршы шаймандарын сактоо үчүн техникалык жайлар гана кирет.

          17. Унаа турукту мектепке чейинки мекемелердин, мектептердин, балдар үйлөрүнүн  жана стационардык дарылоо мекемелеринин имараттарынын алдына жайгаштырууга жол берилбейт.

         18. Унаа туруктун ээси, токтотмодо сактоого жайгаштырылган автотранспорттук каражаттын ээси менен түзүлгөн келишимге ылайык, автотранспорт каражатынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Авто коюу жайында сактоо учурунда автотранспорттук каражатка келтирилген зыян үчүн, анын ичинде бул автотранспорттук каражат уурдалган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык унаа туруктун ээси тарабынан төлөнөт.

 

         VII. Жыйым төлөөчүлөр

 

         19. Жыйым төлөөчүлөр  болуп ушул максаттар үчүн атайын жабдылган же бөлүнгөн жерлерде автомашиналарды токтотмолорду жана коюу боюнча кызматтарды көрсөткөн, юридикалык жана жеке жактар саналат. 

          20. Жыйымдын объектиси болуп автотранспорттук каражаттарды токтотуу жана коюу  боюнча кызматтарды көрсөтүүдөгү ишмердикти жүзөгө ашыруу укугу саналат.

  

         VIII. Жыйым суммасын эсептөө жана төлөө тартиби

 

         21. Жыйым суммасын эсептөө тартибин Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

          22. Жыйымдын эсептик коюму ишмердиктин түрүнө ылайык белгиленет.

          23. Жыйымдын базасы болуп токтотмолордогу жана унаа туруктагы  токтотмо машина орундарынын саны эсептелет.

 

24.Жыйым суммасын эсептөө үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген төмөндөгү база жана жыйымдын эсептик коюму колдонулат:

 

Ишмердиктинтүрү

Жыйымбазасы

Жыйымдын эсептөө коюму, бир айда/жылда (сом)

1

Унаа туруктардын кызматтары

(күнү-түнү)

1 машина оруну

_____

2

Акы төлөнүүчү токтотмонун кызматтары

1 токтотмо оруну

_____

3

Меймандыктоктотмолордун кызматтары (кооперативдик гараждардын)

1 токтотмо оруну

1 машина оруну

_____

4

Такси кызматтарынын токтотмосу

1 автотранспорт

_____

5

Адистештирилгенунаа туруктардынкызматтары

1 машина оруну

_____

6

Жүргүнчүлөр автотранспорту үчүн токтотмолордун жана унаа туруктардын кызматтары

1 токтотмо оруну

_____

 

         25. Эсептик коюмдун чегинде, Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча, жылына бир жолудан көп эмес, объекттердин жайгашкан жерин жана/же көрсөтүлгөн кызматтардын наркын эске алуу менен жыйымдын коюмун өзгөртүүгө укуктуу.

         26. Жалпы пайдалануудагы аймактарда жайгашкан үй алдындагы гараждар, токтотмолор, унаа туруктар боюнча жеке жактардан жыйымдын суммасын эсептөө милдети Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.

         27. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан төлөөгө жаткан жыйымдын суммасын эсептөө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

         28. Жыйымдын суммасы бир календардык жылга белгиленет жана Бишкек шаарынын аймагында автотранспортту токтотуу жана коюу кызматтарын көрсөтүү боюнча ишмердикти жүзөгө ашырууга укук берүүчү Агенттик келишимге кол коюлган күндөн тартып жергиликтүү бюджетке төлөнөт.

         29. Жыйымды төлөө мөөнөттөрү Агенттик келишим тарабынан аныкталат жана бөлүп-бөлүп, бирок айына бир жолудан кем эмес жана отчёттук мезгилдин кийинки айынын 20сынан кеч эмес которулушу мүмкүн.

IX. Төлөөчүлөрдүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын милдеттери жана жоопкерчилиги

 

          30. Төлөөчүлөр жыйымды өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө милдеттүү. Тартип бузуулар болгон учурда, төлөөчү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

          31. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жыйымды эсептөө тартибин сактоону камсыздайт жана Бишкек шаарынын бюджетине жыйымдын суммасынын өз убагында киргизилишин контролдойт.

          32. Токтотмо орундарын уюштуруу, алары күтүү жоопкерчилиги автомашиналардын токтотмолорун жана унаа туруктарын берүү боюнча кызматтарды жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактарга жүктөлөт.

         33. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жергиликтүү бюджетке жыйым суммасынын толук төлөнүүсүнө жана өз убагында которулуусуна контролду жүргүзөт.

 

         X. Токтотмолордун жана унаа туруктардын орундарын уюштуруу тартиби

 

          34. Бишкек шаардык кеңеш токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу тартибин Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча бекитет.

          35. “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы” муниципалдык ишканасы токтотмолордун жана унаа туруктардын орундарынын жалпы шаардык схемасын иштеп чыгат. Токтотмолордун жана унаа туруктардын жалпы шаардык схемасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шаардык кызматтардын табыштамаларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

          36. Бишкек шаарында автотранспортту токтотуу тартибин Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы аныктайт.

          37. Токтотмо үчүн өтүү бөлүктөрүн пайдалануу тартиби тийиштүү жол белгилери, жол чиймелери жана тийиштүү ченемдер тарабынан аныкталат.

         38. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы анда жайгашкан токтотмо орундары менен Бишкек шаарынын администрациялык чектеринде турган токтотмолордун реестрин жүргүзөт.

         39. Токтотмолордун жана унаа туруктардын реестрин жүргүзүү тартиби, ошондой эле акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу үчүн жер участокторун пайдаланууга (ижарага) берүү тартиби жана шарттары өзүнчө жобо менен белгиленет жана Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

 

XI. Такси токтотмосу

         40. Такси токтотмолору ташуучулардын ишин уюштуруу жана координациялоо, таксинин иш-милдетин аткарган жеңил автомобилдик транспортту өнүктүрүү максатында түзүлөт жана жеңил автомобилдик такси менен жүргүнчүлөрдү салуу (түшүрүү) жана күтүү үчүн кызмат кылат.

         41. Муниципалдык такси токтотмолорду жайгаштыруу үчүн жер участок бөлүү Бишкек шаарынын мэриясынын аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

         42. Такси токтотмосун пайдалануучулары болуп Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы менен белгиленген тартипте агенттик келишим түзгөн, “такси” деген таанылган жазмасы менен автотранспорту бар жеке жана юридикалык жактар саналат.

         43. Такси токтотмосунда башка түрдөгү автотранспортту токтотууга тыюу салынат.

 

         XII. Башкаруу жана координациялоо

 

          44. Токтотмолор жана унаа туруктар тутумун башкаруу жана координациялоо, жалпы шаардык программаны (долбоорлорду) жайылтуу, ошондой эле төлөмдөрдүн толук жана өз убагында төлөнүшүнө жеринде контроль жүргүзүү, өзүнүн ишмердигин жобонун негизинде жүзөгө ашыруучу Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.

          45. Салык тартибин сактоо бөлүгүн контролдоо иш-милдеттери жергиликтүү салык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

  

         XIII. Акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа туруктардын орундарын пайдаланууга төлөмдүн формасы

 

          46. Бишкек шаарында акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа туруктардын орундарын пайдаланууга төлөмдүн формасы болуп автотранспортту токтотуу жана коюу боюнча кызматтарга тиркемеге ылайык формада бекитилген дүмүрчөк сатып алуу саналат. Дүмүрчөктүн формасын белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңеш бекитет.

          47. Пайдалануучулар тарабынан автотранспортту токтотууга жана коюуга дүмүрчөктөрдү сатып алуу накталай эсептешүү менен жүргүзүлөт.

          48. Акы төлөнүүчү токтотмонун бөлүнгөн жеринде жайгашкан соода-оюн-зоок тармагынын, банктардын, кафелердин, кеңселердин ж.б. объекттеринин ээлери Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы менен бир жылга чейинки мөөнөткө акы төлөнүүчү автотоктотмо орундарын эксплуатациялоого, ай сайын акы төлөө жана кардарлардан төлөм алууга укугу жок шартында, келишимдерди түзө алышат. 

          49. Акы төлөнүүчү токтотмолордун иш шарттамы күн сайын 8:00дөн 20:00гө чейин белгиленет.

          50. Акы төлөнүүчү унаа туруктун иш шарттамы күн сайын күнү-түнү болуп саналат.

         51. Автотранспорттук каражаттарды токтотуу үчүн жерлерде төлөмдү толук жана өз убагында төлөөгө контроль автотоктотуучу, авто коюу жайларында – күзөтчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

         XIV. Бишкек шаарынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча каражаттарын бөлүштүрүү жана аларды пайдаланууга болгон контроль

 

          52. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан автотранспортту токтотуу боюнча кызматтар үчүн алынган акча каражаттар бюджеттик каражат болуп саналат жана шаардын бюджетине толук которулууга тийиш.

          53. Атайын каражаттарды чыгымдоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык, бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдалануу боюнча отчётторду квартал сайын берүү менен Бишкек шаардык финансы башкармалыгы тарабынан бекитилген кирешелер жана чыгымдар сметасынын негизинде жүргүзүлөт (кирешелер жана чыгымдар сметасын аткаруу).

  

         XV. Акы төлөнүүчү токтотмо орундарын пайдалануудагы жеңилдиктер

 

          54. Токтотмо төлөмүнөн “Майып” деген таанылуучу белгиси жана каттоо документтеринде тийиштүү белгиси бар автотранспорттук каражаттардын 1-2-топтогу майып ээлери бошотулат. 

         55. Кызматтык транспортторду токтотмого жеңилдетип коюу маселелери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан чечилет.

 

         XVI. Токтотмолор жана унаа туруктар тутумун инвестициялоо, өнүктүрүү, жабдуу

 

         56. Бишкек шаарында автотранспорттук каражаттарды акы төлөп токтотууну контролдоонун автоматташтырылган тутумун киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мамлекеттик жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу алкагында, сынактык негизде жүзөгө ашырылат. 

 

        

XVII. Башка жоболор

 

          57. Коомдук-саясий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүдө, аларды өткөрүү жайларында транспорттук каражаттарды токтотууга тыюу салынат.

          58. Бишкек шаарында акы төлөнүүчү токтомолор тутумунун ишмердиги жөнүндө шаардын калкын маалымдоо жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлөт.

  

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчисинин

убактылуу милдетин аткаруучу                                           Р. К. Садыралиев