Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

         Бишкек шаардык кеңеши

Токтом  № 187  

2016-жыл  30-июнь

 

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жунай Мавляновдун

ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында географиялык аталыштары жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаарында топонимика жана ысымды түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2014-жылдын      22-апрелиндеги отурумунун № 2 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын «Көк-Жар», «Улан» кичи райондорундагы «Аламедин» дарыясынын бойлой өткөн, чыгыш чоң Чүй каналынан              И. Ахунбаев көчөсүнө чейинки аты жок көчөгө Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жунай Мавляновдун аты ыйгарылсын (чийме тиркелет).

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзам тарабынан белгиленген тартипте аншлагдарды орнотууну жүргүзсүн.

3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), «Бишкек шаарынын архитектура жана шааркурулушу боюнча башкы башкармалыгы» муниципалдык ишканасы (Б. А. Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин  төрагасы                                                 А. М. Кененбаев

Об увековечении памяти

народного писателя  Кыргызской

Республики Жунай Мавлянова

         В соответствии с Законом Кыргызской Республики «О географических названиях в Кыргызской Республике», учитывая протокол заседания комиссии по топонимике и увековечению памяти в городе Бишкек от 22 апреля  2014 года № 2, Бишкекский городской кенеш

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

        1. Присвоить безымянной улице, проходящей вдоль реки «Аламедин»  от восточного большого Чуйского канала до улицы И. Ахунбаева в микрорайонах «Кок-Жар» и «Улан» города Бишкек имя народного писателя Кыргызской Республики Жунай Мавлянова (схема прилагается).

       2. Мэрии города Бишкек произвести установку аншлагов в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке.

       3. Бишкекскому городскому управлению по землеустройству и регистрации прав на недвижимое имущество  (Берикбаев Б. Ж.), Муниципальному предприятию «Главное управление архитектуры и градостроительства города Бишкек» (Абдиев Б. А.) внести соответствующие изменения в учетные, инвентаризационные данные.

       4. Зарегистрировать настоящее постановление и направить в Министерство юстиции Кыргызской Республики  для включения в Государственный реестр нормативных правовых актов Кыргызской Республики.

       5. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянную комиссию по муниципальной собственности, земельным вопросам, градостроительству  и архитектуре Бишкекского городского кенеша (Конгантиев К. К.) и вице–мэра города Бишкек Дюшембиева Б. О.

 

Председатель Бишкекского  городского кенеша                                                             А. М. Кененбаев

Приложение:

Схема (русский)

Схема (кыргызча)