Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Майрамдык салтанатка Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, шаардык Билим берүү башкармалыгынын начальниги Сауле Мейрманова жана борбор калаанын билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты.

Бишкек шаардык кеңештин спикери педагогдорду кесиптик майрамы менен куттуктап, эбегейсиз зор эмгеги менен мамлекеттин өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымдары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

“Мугалимден сыймыктуу кесип, мугалимдиктен татаал эмгек жок. Сиздердин мойнуңуздарга эң жооптуу милдет – өсүп келе ж, посвященное аткан муунду окутуу жүктөлгөн, сиздер интеллектуалдуу улутту түптөп келесиздер.

Элибиздин салтында Мугалимге болгон өзгөчө мамиле бекем орногон, себеби, чыныгы Мугалим гана эң татаал болгон илимге – АДАМ БОЛУУГА үйрөтөт.

Сиздер балдарды дүйнөлүк маданият менен тааныштырып, жаратылыштын жана ааламдын мыйзамдары жөнүндө түшүнүк бересиздер, ынтымактуу, адептүү жана мээримдүү болууга тарбиялап, балдардын көмүскө таланттарын ачасыздар. Аны менен сиздер баланын терең билиминин, кенен келечегинин пайдубалын түптөп келесиздер”- деди Жаныбек Абиров.

Бир катар мугалим Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына татыды.