Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн, 2018-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров биринчи ирет жарандарды жеке кабыл алуусун  өткөрдү.

Спикер шаар тургундары менен жолугуп, алардын пикирлерин, сунуштарын укту. Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү, жол кооспуздугу, турак жай, коммуналдык чарба жана башка  маселелер жөнүндө сөз болду.

Шаар парламентинин башчысы шаар тургундары менен иштөөнүн жаңы форматын киргизүүдө. Ыкчам чечүүнү жана дыкат изилдеп чыгууну талап кылган маселелер боюнча муниципалитеттин тийиштүү кызматтарынын адистеринин катышуусунда жерине барып таанышуу жана андан кийин аны чечүү жүргүзүлмөкчү.

Жолугушууда калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү маселелерине басым жасалды.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун ою боюнча, шаар тургундары менен жолугушуу – шаар бийлиги менен жергиликтүү калктын өз ара аракеттешүүсүнүн ачык мисалы болуп эсептелет.