Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Сиздерди дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар үчүн руханий тазалыктын, берилгендиктин жана кечиримдүүлүктүн ыйык майрамы болгон Курман айт менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Бул майрамда ички тазалыкты жана бекем ишенимди сактаган терең руханий маани жатат.

Кылымдар бою жашап келаткан бул майрам ата-бабаларыбыздан калган бай руханий мурастын өзөгүн түзүп, калкыбызды биримдүүлүккө, тынчтыкта жашоого тарбиялап келет. 

Бул ыйык күнү ар бир үй берекеге жана кубанычка толуп,  аруу тилектер орундалсын, жүрөгүңүздөргө ыйман орноп, тилектериңиздерди Жараткан кабыл кылсын!

Майрамыңыздар менен!

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев