Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкектин Свердлов районунун Токтогул көчөсүндөгү көпүрө аркылуу жаңы кыймыл ачылды.

Көпүрө ачуу салтанаттуу жөрөлгөгө Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, фракция лидерлери, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары, курулушчулар жана шаардыктар катышты.

Токтогул көчөсү Гоголь көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин ачылды. Жолдун узундугу - 637 метр, туурасы – 15 метр, ошондой эле тротуарлар да каралган.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы белгилегендей, жол – бул ар бир шаардын артериясы, ал эми алардын ремонту жана күтүлүшү муниципалитеттин артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат. Борбордо азыр жол ремонту активдүү жүрүп жатат. Бул кубанычтуу. Мунун баары  жол-кыймыл тармагын өнүктүрүү концепциясынын алкагында жүргүзүлүп жатат.

Шаардын жашоочусу катары, акыркы жылдары борбордун жолдорунун ичке жерлери кеңейтилип, өтмө жол кылууга мүмүкүн боло турган жолдор ачылып жаткандыгын, бүгүн эң тездик менен автомагистралдык инфраструктура өнүгүп жаткандыгын айта ала тургандыгын билдирди.

Алмаз Кененбаев ушул убакытка чейин Токтогул көчөсү Гоголь көчөсүндө токтооорун, Токтогул көчөсүн чыгыш багытта жол ачуу жана көпүрө аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгуусу менен жол куруу транспорттук агымды олуттуу оптималдаштырууга мүмкүндүк берээрин белгиледи.

Бишкекте бардыгы 42 көпүрө болгон, акыркы эки жылда дагы 5 көпүрө курулган. Ала –Арча суусу аркылуу Медеров көчөсүнө чыга турган жана Лев Толстой көчөсүнүн чыгыш бөлүгүндө жол өткөрүүчү боло турган Токтоналиев көчөсүндө дагы эки көпүрөнүн курулушу аяктаганы турат.  Бул эстакадалык көпүрө (жол өткөрүүчү) Лев Толстой көчөсүнүн батыш жана чыгыш бөлүгүн бириктирет.

Көпүрөлөрдү эксплуатацияга киргизүү борбордун жолдорун 20%га азайтууга мүмкүндүк берет. Жол ачуу жана өтмө жол болуп калуучу бардык жолдорду реконструкциялоо боюнча иш аяктагандан кийин, шаарда тыгында 50-60 пайызга азаярын БШКнын төрагасы белгиледи.

Андан ары шаардык кеңештин депутаттары мэриянын өкүлдөрү жана кызматтары менен Орозбеков көчөсүндөгү жаңы жолдо болушту. Жибек Жолу көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейин жолдун узундугу -3,2 км түзөт. Көпүрөнүн туурасы -13 метр. Мындан тышкары, тротуарлар, ирригациялык тармактар жана бордюрлар эске алынган. Курулуш 2017-жылы кышында көчө-жол тармагын өнүктүрүү концепциясынын алкагында башталган.

БШКнын депутаттары Мурманск көчөсүндөгү курулуштун жүрүшү менен таанышты. Иш 2017-жылы башталган, жакынкы убакта аяктайт. Жолдун узундугу – 1.3 км, туурасы -15 метр. Көчөлөрдү ачуунун жүрүшүндө курулуш зонасында болуп калган 3 үй бузулуп, объекттин ээлерине  компенсация төлөнүп берилген.

Гагарин көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейинки жаңы Алыкулов көчөсү курулду. Жолдун узундугу 3 км га жакын. Жол курулушу кытай грантынын алкагында (1-фаза) жүргүзүлдү.

Жол катмарын калыбына келтирүүнүн алкагында 23 көчөнү калыбына келтирүүгө кытай грантынан каражат бөлүнгөн. Садырбаев көчөсүнөн Ч. Айтматов көчөсүнө чейинки Ахунбаев көчөсүндө жол катмарын калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери  аяктады. Жаңы асфальт кошулмаларын колдонуу менен бул жаңы технология экендигин белгилей кетүү керек.