Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн “Жаштар” сейилбагынын ачылышы болду.

Анын реконструкциясы шаардыктар жана шаардын меймандарынын бош убактысын көңүлдүү өткөрүүгө шарт түзүү максатында  2017-жылы башталган. Бүгүнкү күндө пландаштырылган иштин алкагындагы сейилбактын 27 га жалпы аянтынын 4,5 га аянтында реконструкция иштери аяктаган. Төмөнкү иштер аткарылды: тышкы жарыктандыруу  үчүн 67 мамы орнотулду, 4200 чарчы метр жерге декоративдүү брусчатка төшөлдү, 1680 чарчы метр жерге асфальт төшөлдү,  балдар аянтчасы коюлду, 10 метр бийиктиктекги аскадром орнотулду, 44Х22 метр аянтындагы футбол талаасы уюштурулду, отургучтар жана таштанды салуучу урналар, гейзер фонтаны  орнотулду. Сейилбактын аймагында сутка бою милиция пункту иштемекчи. Сейилбактын  канализациялык жана ирригациялык системасы борбордук системага кошулду, 2000 чарчы метрдей жерде токтотмолор жана жөө жүрүүчү кардарлар үчүн жерлер уюшулду.

Ишчарага Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, депутат Бактыбек Абдиев, вице-мэр Асель Куламбаева, Биринчи май районунун башчысы Токтосун Султанов жана шаар тургундары катышышты.

“Жайлуулук жана комфорт атмосферасын тартуулаган мындай сейилбактар шаар тургундарына бош убактысын көңүлдүү өткөрүүгө шарт түзөт”-деди спикер Алмаз Кененбаев.   

“Жаштар” сейилбагы 1957-жылы уюшулган.