Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

2018-жылдын 5-июлунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев борбор калаанын 6-кичирайонунун жашоочулары менен жолукту. Жолугушууга шаардык жана райондук кызматтардын өкүлдөрү да чакырылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар бир катар маселерди көтөрүп чыгышты. Алар: көчөдө жүргүзүлүп жаткан соода, кичирайондун аймагында орнотулган жеңил конструкциялар, аймактагы санитардык абал, ирригация маселелери, канализациялык түтүктөрдүн абалы, тышкы жарыктандыруу, кургаган бутактарды жана бактарды кесүү, жолдорду оңдоо, батирлерге берилүүчү жылуулукту эсепке алуу приборлору, үйлөрдүн чатырларынын алмаштырылышы, пандустарды орнотуу, жолчырактарды оңдоо, жолдөңгүлдөрдү орнотуу, лифттерди орнотуу, күтүү жана тарифтерин аныктоо, муздак суунун батирлерге жеткирилиши, МАБдардын иши, “Аламедин” жана “Дордой” базарларына коомдук транспорттун маршруттарын чоюу же жаңы маршруттарды ачуу, “Жаңгак токоюнда” тазалыкты сактоо,  иттерди сейилдетүү үчүн атайын жерди бөлүп берүү, иттерди сейилдетүүнүн эрежелерин түзүү жана башка суроолор. Айтылган бардык суроолор боюнча жооптор берилип, айрымдары боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди, айрымдары мыйзамдарга ылайык иштелип чыгуу үчүн эсепке алынды.

Шаар тургундары тарабынан кичирайонду абаттоо жана турмуш-тиричилик маселелерин ыкчам чечүүгө көмөк көрсөткөндүгү, ошондой эле шаар тургундары менен дайым байланышта болгондугу үчүн шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаевдин дарегине көп ыраазычылык сөздөр жана жакшы тилектер айтылды.

Жыйынтыгында мындай жолугушууларды дайыма уюштуруп туруу чечими кабыл алынды.