Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн, 2018-жылдын 28-июнунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, салт боюнча, жеке кабыл алуу өткөрдү. Бүгүн, ар бейшембидегидей эле, шаар тургундары борбор калаа парламентинин башчысына көйгөйлүү маселелер менен келишкен.

Кайрылуулардын арасында турак жай маселелери, турак жай-коммуналдык чарба, сейил бак зоналары боюнча, ж.б. маселелер бар. Ар бир арыз боюнча жооптор берилип, айрымдары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык иштеп чыгуу тапшырмалары берилди.