Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкек шаарында грек-рим күрөшү боюнча “Беш-Сары” спорт клубунун биринчилиги үчүн эл аралык турнир болуп өттү. Турнирге Кыргыз Республикасынын жети областынан келген уландар катышты.

Ишчаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Сариев спорт жана дени сак жашоонун акыркы убакта популярдуулугу жогорулап жаткандыгын белгилөө менен, бардыгын спорт менен машыгууга чакырды. “Спорт – бул денени эле чыңдоо эмес, эркти да чыңдоо жана жакшы маанай”-деди депутат. Турнирдин жеңүүчүлөрүнө Таалайбек Сариев медалдарды жана баалуу сыйлыктарды тапшырды. Турнирдин жеңүүчүлөрү үстүдөгү жылдын август айында грек-рим күрөшү боюнча Иранда өтүүчү Азиянын чемпионатына катышышмакчы.