Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын тобу турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамы менен “Тазалык” МИси жана “Бишкек санитардык полигон” МИсинин ишмердиги менен жерине барып таанышышты.

Көчмө жыйындын максаты – РӨЕБнын “Катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышуу.

Бул долбоорду ишке ашыруу 2015-жылы башталган. РӨЕБ тарабынан 11 млн.евро өлчөмүндө гранттык жана 11 млн.евро өлчөмүндө кредиттик каражаттар бөлүнүп берилген.

Долбоорго ылайык, таштандыларды башкаруу системасын толугу менен комплекстүү жакшыртууну жүргүзүү, ошондой эле тармактын негизги маселеси болгон – атайын техниканы сатып алуу жана жаңыртуу пландалган.

“Тазалык” МИси техникалык паркынын атайын техникасын жаңыртты. Учурда 32 даана атайын техника жана 5327 евроконтейнер келген. Мындан тышкары  РӨЕБнын  каражатына борбордун бийлиги таштанды сорттоочу завод жана санитардык полигон куруп, эски таштанды жайын рекультивациялоосу керек.

Таанышуунун жүрүшүндө депутаттар катуу таштандыларды башкаруу, аны ташуу жана таштандыны утилизациялоо процесстери жөнүндө сурашып, катуу турмуш-тиричилик таштандыларын чогултуу системасын жакшыртуу боюнча маалымат алышты.

Полигондун  аймагы 30 ганы түзөт, ал 1970-жылдары уюшулган. Учурда полигон толуп калган.

Жаңы таштанды полигону ал учурда жабыла турган азыркы таштанды жайынын жанында курулмакчы.

Көчмө жыйын Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмил Сыдыков, “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Асылбек Кадралиев, депутаттар – Бактыбек Абдиев, Мийзамидин Абдрахманов, Эльмир Досалиев, Павел Десятников жана Сиябек Абдурахмановдун катышуусунда өттү.