Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин спикери баштаган депутаттардын тобу бак-дарактарды  сугаруучу түтүктөрдү куруу жана орнотуунун жүрүшү менен таанышышты.

Иштер Түштүк магистралын бойлой жүрүп жатат. Учурда суу жеткирүүчү түтүк  Ала-Арча суусунан Чыңгыз Айтматов проспектине чейин орнотулуп, узундугу 4 километрди түздү.

Бак-даракты сугаруу боюнча айкалыштырылган ыкма: тамчылатып сугаруу жана жамгыр системасы колдонулууда. Күзүндө трассаны бойлой 1000ге жакын көчөт отургузулган.“Жашылчарба” МИсинин өкүлүнүн айтымында 2018-жылы 83 км сугаруучу суу түтүктү жана 4 скважинаны куруу пландалууда.