Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн, 3-майда Дайыр Асанов атындагы сейилбакта 18-Азия оюндары – 2018 Джакарта – Палембанг “Fun Run” балдардын чуркоо боюнча мелдеши болуп өттү.

Аны Улуттук олимпиадалык комитет жана FofinGo спорттук ишканасы уюштурду.

1 километрди түзгөн дистанцияга 10 жаштан 15 жашка чейинки балдар катышты. Мелдешти ачуу салтанаты Азия Олимпиядалык кеңешинин өкүлү Хайдер Фармандын, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевдин жана спорттун олимпиадалык  түрлөрү боюнча дирекциясынын башчысы Жоомарт Шамкановдун катышуусу менен өттү.

“Мындай акциялар балдар жана чоңдор арасында дени сак жашоону жайылтат жана ага бардык каалоочулар катыша алышат. Бала кезинен жеңишке умтулган адам –  жашоосунда чоң ийгиликтерге жетише алат.

Бул спорт мелдеши келечектеги бийиктиктерди багындыруу үчүн старт болот деп эсептейм” – деди спикер Алмаз Кененбаев.

“Fun Run” – 2006-жылдан баштап Азиянын Олимпиадалык комитетинин колдоосунда Азия оюндары, оюндун мааниси жөнүндө, массалык спорт, дени сак жашоо жөнүндө маалыматты кенен жайылтуу максатында өткөрүлүп келет. Индонезиянын Джакарта жана Палембанг шаарларында өтчү XVIII Азия оюндарын пропагандалоо негизги маселе болгон ушул сыяктуу жарыштар континенттин 45 өлкөсүндө өткөрүлүүдө.