Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган фестивалдын салтанаттуу ачылышы болду.

Фестиваль искусствонун көп кырдуу дүйнөсү, ар түрдүү маданият, салт жана музыкалык багыттар менен таанышууга мүмкүндүк берет.

Фольклордук форумга 7 мамлекеттен:Венгрия, Индия, Казахстан, Италия, Россия, Турция жана Кыргызстандан балдар топтору катышмакчы.

Катышуучуларга карата куттуктоо менен Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жана шаар мэри сүйлөштү.

 «Наристе» фестивалы – бул жети өлкөнүн жаш таланттарын кыргыз жергесинде бириктирген уникалдуу ишчара жана искусствонун майрамы!

Бул майрамды биз эл аралык мамилелердин жаңы этабы менен байланыштырабыз – себеби искусство чекти билбейт, ал эми тили  баарына түшүнүктүү.

Биздин жаш таланттар көп жылдар бою Кыргызстандын искусствосун сиздердин өлкөлөрдө көрсөтүп келишкен,  бүгүн сиздердин биздин өлкөгө келгениңиздерге чексиз кубанычтабыз!

Фестивалдын бардык катышуучуларына биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы маданий кызматташууну бекемдөөгө кошуп жаткан салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет!”-деди Алмаз Кененбаев.

Фестивалдын алкагында борбор калаанын ар кайсы бөлүгүндө, конуштарда концерттер, маданий жана тарыхый баалуулуктагы жерлерге, билим берүү, илим, искусство чөйрөсүндөгү жетишкендиктер боюнча экскурсиялар, чеберчилик-сабактары өткөрүлөт.

Биринчи Эл аралык “Наристе” балдар фольклордук фестивалы 2-майда аяктамакчы.