Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн 25-апрелде 9-майдагы “Бессмертный полк” акциясын уюштуруу жана катышуу боюнча кеңейтилген кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, вице-мэрлер, мэриянын түзүмдүк бөлүмчөлөрү, “Бессмертный полк Кыргыстан” штабынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин катышуучулары жүрүштүн уюштуруу моменттерин, анын ичинде колонна өтө турган маршрут боюнча талкуулашты. Колоннанын маршруту мурункудай эле калат- ал Даир Асанов паркынан А. Масалиев көчөсү, Байтик Баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин созулат. Маршруттун узундугу 6,6 км. Марш саат 10.00дө башталат.

Бул жылы Бишкекте акциянын катышуучулары алты километрден ашык жолду басышат. Колонна бараткан убактагы коопсуздук үчүн  автотранспорт кыймылы үчүн көчөлөр жабык болот. Колоннаны үйлөмө аспаптар оркестри, Д. Асанов атындагы улуттук лицейдин курсанттары башташат.

Мындан тышкары, кыймыл маршруту боюнча биотуалеттер коюлат жана сериндетүүчү суусундуктарды сатуу уюштурулат. Колоннанын коопсуздугун камсыздоо үчүн укук коргоо органдардын 1000ге жакын кызматкери тартылган жана кезмет уюштурулган жана тез жардам автомашиналары уюштурулган.

Иш-чарага чыгармачыл, музыкалык жана бий жамааттары аскер формасында катышат.

“Бессмертный полк” акциясы Бишкекте бешинчи жолу өтүп жатат. 2017-жылы жүрүштө 30000ге жакын адам катышкан.

Акциянын максаты Улуу Ата Мекендик Согуштагы солдаттын эрдигин түбөлүккө калтыруу, элдин эрдиги жана баатырдыгы жөнүндө эскерүүнү сактоо, баатыр ата-бабалардын тажрыйбасын түшүнүү,  муундардын улантуучулугун калыбына келтирүү.

“Бессмертный полк” жүрүшүнө катышууга чакырабыз.