Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президентинин 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар арасында шахмат боюнча Кубогунун бешинчи турунун катышуучуларын сыйлоо салтанаты болуп өттү.

Шахматтык турнир ушул жылдын 17-мартында башталып, ага Кыргызстандын бардык областтарынан келген 400 бала катышты.

Жаш шахматчыларды куттуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев, Бишкек шаардык кеңештин спикери, Шахмат федерациясынын вице-президенти Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаты Бактыбек Абдиев жана башкалар келишти.

Турнирдин ардактуу мейманы – дүйнөлүк шахмат легендасы, дүйнө чемпиону, Россия шахмат федерациясынын президенти, Мамлекеттик Думанын депутаты Анатолий Карпов болду.

Анатолий Карпов жаш шахматчыларга кайрылып мындай      деди: “Акыркы убакта шахматтын популярдуулугу өсүүдө, силердин бул жерде катышууңар буга далил. Мен силерди буга чейинки жана боло турган жетишкендиктериңер менен куттуктагым келет. Эгерде бүгүн жеңишке жете албай калсаңар, эртеңки күнүңөр бар.”

Өз кезегинде Бишкек шаардык кеңештин спикери, Шахмат федерациясынын вице-президенти Алмаз Кененбаев катышуучулардын санынын жылдан жылга өсүп жаткандыгын белгиледи. “Акыркы беш жылда шахмат ойноо боюнча жандануу күч болуп жатат жана ушунда Кыргызстандын Президентинин салымы жана колдоосу чоң. Шахмат – бул жаштарга тарбия берген, балдарды чыгармачылыкка, акылдуулукка жана жатармандыкка тарбиялоочу жогоркуинтеллектуалдуу байыркы оюн. Мен ойчул адамдардын аудиториясында болуп жаткандыгыма кубанычтамын” – деди спикер.

Жеңүүчүлөргө кубокторду жана баалуу белектерди чакырылган меймандар тапшырышты.