Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

8-кичирайондогу кооз четин бакчасын пайда кылуу идеясын ишке ашыруу максатында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жашыл аралчаны негиздөөнү чечишти.

Төрага Алмаз Кененбаев башында турган борбор  калаа депутаттары жана аппарат кызматкерлери 1,5 миң чарчы метр аянтка четиндин 60 көчөтүн отургузушту.

Шардык кеңештин спикеринин айтымында, экологиялык акциянын жаратылыштык экосистема жактан мааниси чоң. “Сүйүктүү шаарыбызды ар жаз жана ар күз сайын тартипке келтирүү – коомубуздагы жагымдуу салттардан болуп калышы керек. Четин багын эле түзүп коюш максат эмес, бул жерди жашыл оазиске айландырышыбыз керек,”-дейт Алмаз Кененбаев.

“Жашылчарба” МИсинин башкы агроному Эльнура Жолдошева четиндерди отургузуу кичиэкосистеманы түзүүгө көмөк көрсөтө тургандыгын белгиледи. “Четин – кооз бак, өзгөчө гүлдөгөн учурда. Бактар куурап калбай, бат тирденип кетиши үчүн арык аркылуу сугаруу жүргүзүлөт,”-деди ал.

Акциянын жыйынтыгында шаардык кеңештин спикери жекшембиликтин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, шаардыктарды жаратылышка аяр мамиле жасоого жана шаарды жашылдандырууга активдүү катышууга чакырды.