Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин кезектеги 14-сессиясы болуп өттү.

Сессияда Бишкек шаарынын 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу каралып чыгып, кабыл алынды.

Бишкек шаарынын 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү республикалык бюджеттен трансферттерди эсепке алганда 7 934 941,0 миң сомду түздү, 2017-жылдын  фактылык түшүүлөрүнө карата өсүш арымы 91,5 %ды түзөт же төмөндөө – 732 854,6 миң сомду түзөт.

Борбор калаанын 2018-жылга бюджети Бишкек шаардык кеңештин ар бир туруктуу комиссиясында каралган. Шаардык кеңештин депутаттары башкы финансылык документти бир айдан ашуун мөөнөт активдүү талкуулашкан.

Ошентип, Бишкек шаарынын 2018-жылга бюджети бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана депутаттар тарабынан айтылган пикирлерди эске алуу менен кабыл алынды.

Башкы финансылык документ кабыл алынгандан кийин борбордун мэри Албек Ибраимов депутаттык корпуска бюджетти кабыл алуу боюнча аткарган кылдат иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Бишкек шаардык кеңештин кезектеги 14-сессиясында “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” маселеси каралды. Бул документтин алкагында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары  тарабынан мораторийди  Шабдан Баатыр көчөсү жана Чүй проспектинин М. Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүннөн тышкары дагы 5 жылга узартуу боюнча оңдоолор киргизилди.

Бул токтом Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий дөөлөтүн сактап калуу максатында кабыл алынды.