Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин дарегине борбор калаа парламентинин башчысы Алмаз Кененбаевдин атынан жылуу сөздөр жана куттуктоолор айтылды.

Ал өз сөзүндө калктын жайлуу жашоосун камсыздоо багытында негизги тармактардын бири болгон бул тармактын маанисине токтолду. “Сиздер жашооңуздарды татаал, бирок өтө маанилүү тармак менен байланыштыргансыздар. Үйлөрүбүздүн жылуу жана жайлуу болушу, ыңгайлуу  шаттардын түзүлүшү сиздерден көз каранды.

Калктын турмуш-тиричилигин тейлөө  чөйрөсүндөгү иш терең билимди, жоопкерчиликти, чыдамдуулукту жана адамдар менен иштей билүүнү талап кылат. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр  кардарларга жакшы маанай жаратат”-деди шаардык кеңештин спикери.

Куттуктоо сөзү менен Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов да кайрылды. Ал турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлери үйлөрүбүздө дайым суу, жылуулук болуп, сейилбактар менен көчөлөрүбүз көз кубантып, короолорубуз жана шаарыбыз таза болуусу үчүн жан үрөп эмгек кылаарын айтты.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, бийик адискөйлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба тармагына кошкон жеке салымы үчүн бул тармактын бир катар кызматкери Бишкек шаардык кеңештин жана Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктарына татыды.