Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн 14-мартта КРСУнун студенттери БШКнын төрагасы Алмаз Кененбаев менен жолугушту.

 КРСунун журналистика факультетинин биринчи жана экинчи курсаттарынын студенттеринен турган аудитория үчүн шаардык кеңештин төрагасы “Бишкек шаардык кеңештин иши” деген темада кызыктуу дарс окуду.

Төрага келечектеги журналисттерге БШКнын иши жана түзүмү жөнүндө, шаар үчүн маанилүү долбоорлор жана ишке ашкан программалар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле жол кесилиштер, тротуарлар куруу, билим берүү чөйрөсү, экологиялык жагдай, жол кыймыл коопсуздугу жана башка маселелерге токтолду.

Алмаз Кененбаев  көптөгөн мисалдарды келтирүү менен студенттерге  борбордун көйгөйлөрү жана келечек пландары, Бишкек шаарынын бюджети,  шаардын аймагында ишке ашырылуучу программалар жана аларды каржылоо,  социалдык багыттар боюнча чыгымдарды каржылоо көйгөйлөрү жөнүндө түшүндүрмө берди. Бул темаларды талкуулоо менен  төрага студенттерге БШКнын иши жашоо үчүн жайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталгандыгын билдирди.

Мындан тышкары, төрага студенттер менен инсандык өсүү, өзүн-өзү өнүктүрүү темасында сүйлөшүп, алар кызыккан суроолорго жооп берди.

Жаштарда автопарктын жүргүнчүлөр транспорт менен толуп турушу жана Бишкек шаарынын экологиялык абалы боюнча маселелер абдан кызыктырды.

Аягында Алмаз Кененбаев, КРСУ - Кыргызстандын алдыңкы окуу жайынын үчтүн бири экендигин жана окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү дайыма бааланаарын айтуу менен, студенттерге жакшы окууну каалады.

КРСунун ректору Владимир Нефадьев БШКнын төрагасы Алмаз Кененбаевге Кыргызстандын тарыхы менен байланышкан китептерди тапшырды.