Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмил Сыдыков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Асылбек Акылбеков, депутат Базарбек Абдраев жана Октябрь районунун администрациясынын өкүлдөрү билим берүү уюмдарынын объекттерин кыдырып чыгышты.

Кыдыруунун максаты – муниципалдык менчикти максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу. Мунун себеби – борбор калаада акыркы учурдагы бала бакчалардын жетишсиздиги.

Шаардык кеңештин депутаттары №7 жумушчу жаштар мектебинде, №14 орто мектепте, Зомбулук көргөн балдарга жардам көрсөтүү борборунда, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда жана Октябрь райондук билим берүү борборунда болушту.

2005-жылдан 2017-жылга чейин борбор калаанын мектепке чейинки билим берүү системасында 11 бала бакча багыты өзгөртүлүп, кайтарылган, анын ичинде максатсыз пайдаланылган 32 авариялык тайпа ремонттолуп, ачылып, мунун жыйынтыгында 2000ге жакын бала бала бакчаларга жайгаштырылган.