Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары үстүбүздөгү жылга борбордун башкы финансылык документин талкуулоо процессине активдүү катышышты.

Графикке ылайык, 13-февралдан тартып борбордук муниципалитеттин 40 түзүмдүк жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн бюджеттери каралды.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттык корпус өткөн жылдын бюджетинин аткарылышын эске алуу менен уюмдар тарабынан суралган каражаттардын максаттуулугун карайт.

Жыйынтгында, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын сын-пикирлерин жана сунуштарын жана финансылык документтин параметрлерин эске алуу менен, тигил же бул уюмдун бюджетине оңдоолор киргизилет.

Бюджеттик талкууну бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Темирлан Токобеков алып барып жатат. Талкуу ишине Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов, КРФМнын Бишкек башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле борбордук муниципалитеттин түзүмдүк жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери катышты.

Бюджеттик угудан мурда шаардын активи жана  бул процесске тартылган бардык кызыкдар жактар менен коомдук бюджеттик угуулар болгондугун белгилей кетсек болот.