Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкекте Мекен сакчыларынын күнүн утурлай Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагерлерин куттуктоо болуп өттү.

Ишчарага согуштун 22 ардагери жана жоокер-интернационалисттер чакырылган. Аларды Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев жана вице-мэр Айгүл Рыскулова куттукташты.

Бишкек шаардык парламентинин башчысы ардагерлерге кайрылып, алардын бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан муунга мекенчилдик тарбия берүү жаатындагы ролунун маанисин белгилеп өттү.

“23-февраль жалпы элдик майрам эле болбостон, бүгүн биз Советтик Армиянын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз!

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин кандай баа менен келгенин дайым биздин эсибизде, андыктан, ойго келбеген оор сыноолорго туруштук берген улуу жеңүүчүлөрдүн муунуна башыбызды ийип, ыраазычылык айткандан чарчабайбыз!

Сиздер Мекенге болгон сүйүүнүн күчүн, эрдик жана туруктуулук эмне экендигин далилдеп, келечек муунга элдин биримдигин көрсөткөн тарыхый сабак калтырдыңар. Жаштар сиздерден үлгү алып, эл-жерге болгон берилгендикке үйрөнөт,”-деди Алмаз Кененбаев.

Бишкек шаарына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн жана 95-жылдык мааракесинин урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовго спикер Даректүү кат тапшырды.

Вице-мэр Айгүл Рыскулова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап, аларга бекем ден соолук каалады.

“Жеңиштин улуу туусун алып жүрүүчү сиздердин бар экендигиңиздерге биз чын дилибизден кубанабыз,”-деди ал.

Ишчара майрамдык дасторкон жана аскердик 100 грамм менен аяктады.

Мындан тышкары ардагерлерине шаардык бюджеттен 1000 сом өлчөмүндөгү бир жолку жардам көрсөтүлмөкчү.