Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

 

Бүгүн, 15-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Джумабеков Бишкек шаардык кеңештин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев борбор калаанын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү жагдайларын иш алкагында талкуулоо мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендиги үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Джумабековго ыраазычылык билдирди.

Алмаз Кененбаев өз сөзүндө бир нече негизги маселеге токтолду. Анын айтымында, республикалык бюджетке түшүүчү административдик айыппулдан түшкөн кирешени бөлүштүрүүнү кайра карап чыгуу зарылдыгы келди.

“Борбор калааны көрктөндүрүү жана камсыздоо боюнча финансылык жүк жергиликтүү бюджетке артылат. Административдик айыппулдар болсо көбүнесе муниципалитет тарабынан уюштурулган ишчараларды үзгүлтүккө учуратууга алып келген иштер үчүн салынат. Мындан сырткары, сатуудан салыкка өзгөртүүлөр киргизилип, жыйынтыгында Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү кыйла кыскарды,”-деди Алмаз Кененбаев.  Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын аймагында алынуучу административдик айыппулдун 50% бөлүү жана киреше салыкты 100% жергиликтүү бюджетке бөлүү маселелерине Жогорку Кеңештин көмөктөшүүсү керек экендигин белгиледи.

Дастанбек Джумабеков менен жолугушуу учурунда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жер участокторун мыйзамдаштыруу сыяктуу шаардыктар туш болуп жаткан бир катар көйгөйлөрдү белгилешти.

Өз кезегинде Дастанбек Джумабеков Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына жакынкы арада Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда тар чөйрөдө жолугушууну сунуштады.

“Сиздер бир катар маанилүү маселени айттыңыздар, бир нече иштиктүү сунуш айтылды, бардыгы каржылоо маселелерине тиешелүү, ал эми бардык финансы маселелерине Өкмөттүн корутундусу керек, ошондуктан, жакын арада тар курамда жолугуп, шаар бюджетине байланышкан бардык маселелерди талкуулап чыгууну сунуштайм,”-деди төрага.

Д. Джумабеков Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын артыкчылыктуу укугу - борбордун өнүгүүсү үчүн каралган бюджеттик каражаттардын рационалдуу колдонулуусун контролдоо болуп эсептелээрин кошумчалады.  Төрага шаарды тазалоо жана көрктөдүрүүгө байланышкан маселелерге дагы көнүлүн бурду. Дастанбек Джумабеков расмий ишсапар менен барып келген Ташкентти мисал катары келтирди. Өзбекстандын борборунун тазалыгы аны суктандырганын жана таң калтырганын белгилеп өттү.

Жыйынтыгында Дастанбек Джумабеков Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына шаарда тазалыкты сактоо жөнүндөгү социалдык роликти кенен жайылтуу мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.