Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Үстүдөгү жылдын 7-, 8-февралында Бишкекте коомдук бюджеттик угуулар өтөт.

Угуулар борбордун ар бир районунда депутаттык корпустун, Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн, шаардыктардын, ошондой эле жарандык коодун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтмөкчү.Бюджеттик угуулардын максаты – бюджетти түзүүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берүү, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн ойлорун эске алуу, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана аткаруучу органдын маалыматтарын угуу жана талкууга алуу.

Мындай ишчаралар бюджеттин долбоорун карап чыгуу жана бюджеттик каражаттарды пайдалануу процедураларынын айкындыгын камсыздоо жана коомчулукка маалымдоо үчүн өтүп жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл.

Коомдук угуулардын графиги:

Октябрь району – 2018-жылдын 7-февралы, саат 10.00., Октябрь районунун жыйындар залы.

Свердлов району – 2018-жылдын 7-февралы, саат 14.00., №4 орто мектеп.

Ленин району – 2018-жылдын 8-февралы, саат 10.00., №13 орто мектеп.

Биринчи май району – 2018-жылдын 8-февралы, саат 14.00., Шубин атындагы музыкалык мектеп, Москва көчөсү, 101.