Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаарынын бюджеттик пландоосу талкууга алынган тегерек столду өткөрүү 2018-жылга борбор калаанын бюджетин кабыл алуу, бюджеттик угууларды уюштуруу алдындагы маанилүү окуя болду.

Тегерек столдун катышуучулары болгон Бишкек шаардык кеңештин депутаттык корпусу, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү, борбордун вице-мэрлери, Бишкектин район башчылары жана эксперттик коомдоштук бюджет аралык мамилелер, бюджеттик процесстин децентрализациясы, бюджеттин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын айкындыгы, ошондой эле коомчулуктун бюджеттик документти түзүүгө катышуусу сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Бюджеттик саясат шаарларды өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга жана бийликтин аткаруу органдарынын ишинин жыйынтыгын контролдоо аркылуу бюджеттик каражаттарды сарптоого көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүүгө багытталгандыктан, өнүгүүнүн бюджетин түзүү-жолугушуу учурундагы пикир алмашуунун  негизги өзөгү болду.

Өзүнүн жыйынтыктоочу сөзүндө Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев ишчаранын маанисине токтолуп, ушундай өңүттөгү жолугушуулар практикабызга сиңиши керек деген ойду билдирди.