Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Кыргызстандын борбор калаасында СССРдин баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган аялдар жана эркектер арасында бокс боюнча эл аралык турнир старт алды.

Эл аралык турнирдин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын прокурору, спорттун ардагерлери жана күйөрмандары катышты.

Эл аралык турнир Кыргызстанда 41-жолу өтүүдө. Ага Кыргызстандын, Казахстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Россиянын командалары катышууда.

Спорттук ишчаранын алкагында Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө активдүү катышуусу үчүн шаардын бокс боюнча Федерациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.