Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

ЖЭБнын айланасында түзүлгөн абалды иликтөө максатында Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, орун басары Эмил Сыдыков, фракция лидерлери Эрмек Усубалиев, Асылбек Кадралиев, Таалайбек Сагынов, Өмүрбек Жолдошев, “Кыргызстан” фракциясынын лидеринин орун басары  Наталья Кулматова жана депутат Лев Васильев жылуулукэлектборборго барышты.

“Электр станциялары” ААКсынын генералдык директору Узак Кыдырбаевдин сөзү боюнча, отказандар агрегаттарын азыктандыруучу суунун басымынын начарлашына байланыштуу жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Авариянын кесепеттери жоюулуп, бишкектиктердин үйлөрүнө берилүүчү жылуулук бара-бара калыбына келтирилмекчи. Акыркы окуялардын алкагында борбордук ЖЭБ күчөтүлгөн режимде иштөөдө.