Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, орун басары Эмил Сыдыков борбор калаанын саламаттык сактоо объектилеринде, жарандарды кабыл алуу пункттарында жана социалдык мекемелеринде болуп кайтышты.

Борбор калаа муниципалитети шаардын ар бир районунда жарандарды кабыл алуу убактылуу пункттарын уюштурган. Чатырлар меш, ысык чай жана тамак менен камсыздалган. Ошондой эле кыш мезгилинде туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн шаардык башмаана кылуучу жайлар иштейт. Аталган жайда түшкөн адамдар түнөк таап, медициналык жардам алып, тамактанышат.

Шаардык кеңештин башчысы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунда болуп, балдардын бул жерде жашоо шарттары менен таанышты. Учурда борбордо 58 бала кармалат жана күндүз кармалуучу топ ачылган. Балдарга шарт түзүү үчүн кошумча жылыткычтар колдонулууда, бирок абанын температурасынын кескин төмөндөшүнөн борбордо ысык суу берүүчү түтүк жарылган. Учурда “Бишкекжылуулуктармактары” ААКсынын адистери түтүктү жарым-жартылай алмаштырып, ысык суу берүү демейдеги калыбында берилүүдө. Борбор сырткы тармактарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө муктаж экендигин, ал акыркы жолу 1973-жылы жасалгандыгын белгилей кетүү зарыл. Жолугушуунун жүрүшүндө Алмаз Кененбаев бул маселени иликтеп чыгып, мүмкүнчүлүккө жараша сырткы инфраструктураны алмаштыруу боюнча колдоо көрсөтүүнү сунуштады.

Ушул эле күнү БШКнын спикери шаардык №3 балдар ооруканасында болду. Оорукананын палаталарындагы абанын температурасы 20 градусту түзөт. Башкы дарыгер Талант Өмүрбековдун айтымында, учурда шашылыш операциялар гана жасалууда. Бул үчүн эки операция залы даярдалган. Оорукананын аймагында шашылыш учурлар үчүн эки генератор иштейт.

Төрага Алмаз Кененбаев согуш учурунда өзүнүн өтө жаш курагына карабай кандуу кагылышууларга катышкан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Эдетула Туфатулиндин үйүндө болду. Эдетула Гениятович Кызыл Аянттагы парадга нечен жолу чакырылып, катышуучусу болуп келген. Ушул жылы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу 93 жашка толду жана ал борбор калаанын Октябрь районунун мектептеринде Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү класстан тышкаркы сааттарды өткөрүп келет.