Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев ММА Федерациясынын жана КРнын панкратионунун президенти Улук Омурзаков, бул уюмдун вице-президенттери Абазбек Доронбаев, Эржигит Омурзаков, ошондой эле шаардык федерациянын президенти Бакыт Алиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, 2016-жылдан бери Алмаз Кененбаев  ММА Федерациясынын жана КРнын панкратионунун Ардактуу президенти болгондуктан, алар 2018-жылга Федерациянын иш-планын жана алдыда боло турган спорттук иш-чараларды талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө белгиленгендей: “ММАнын спортчусу- азыркы мезгилдин балбандары. Спорттун бул түрү биздин өлкөдө тез  таанылып популярдуу болуп калды”.

Үстүбүздөгү жылдын 22-23-февралында “Газпром-балдарга” ДТДСЧКнын базасында Бишкек шаарынын биринчи ачык чемпионаты болот, ал эми 10-11-февралда Ош шаарында болот.