Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкектин өкүлдөрү болуп Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмил Сыдыков, депутат Эльмир Досалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий жана “Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишкана” МИсинин директору Бакыт Темикеев барышты.

Делегация Москва, Набережные Челны жана Нефтекамск шаарларындагы белгилүү заводдордон болгон “Волгабас” ЖЧКсында, “ЛиАЗ” жана “Нефаз”ПАКсынын иши жана продукциясы менен таанышышты.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмил Сыдыков, жумушчу ишсапардын максаты – чоң жана чакан көлөмдөгү газ менен иштөөчү автобус чыгаруу боюнча россиялык ишканаларды мониторингдөө экендигин билдирип, аталган бардык ишканалар Россияда гана эмес, башка чет мамлекеттерде дагы   өздөрүн көрсөтө алышкандыгын белгилеп өттү.