Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында  биринчи шаардык “Балдар-биздин келечегибиз. Терроризмге, экстремизмге жана кылмыштуулукка – жок!”форуму өттү. Ишчаранын демилгечиси Бишкек шаарынын ИИББсы болду.

Форумдун максаты – жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалып жаткан кылмыштардын алдын алуу, укук коргоо органдары, дин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн арасындагы өз ара аракеттенүүнүн, кызматташуунун таасирдүүлүгүн күчөтүү.

Форумдун катышуучуларына борбор калаа парламентинин спикери Алмаз Кененбаев төмөндөгүчө кайрылды:

“Учурда өспүрүмдөр арасында укук бузуучулуктун өсүүсүн кыскартуу жана алардын социалдык-психологиялык адаптациясынын натыйжалуулугун жогорулатуу - коом алдындагы эң актуалдуу жана социалдык мааниси зор маселелердин бири болуп саналат, жана да бул өспүрүмдөр “тобокелчилик тобуна” кирип, террористтердин жана экстремисттердин “жеңил олжосу” болушат.

Интернеттин, социалдык тармактардын керектүү таасир тийгизүү жана акылын адаштыруу боюнча  күчтүү курал болуп жаткандыгын да эстен чыгарбообуз зарыл.

Маселе өтө орчундуу жана абдан актуалдуу болгондуктан, ар бирибиз жоопкерчиликти сезип, профилактика ишине активдүү көмөк көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм. Ал эми бул форум өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту кыскартуу проблемасы боюнча көп пайдалуу иштерди аткарууга салым кошот деп ишенгим келет.”