Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн борбор калаа парламентинин спикери Алмаз Кененбаев Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев менен жолукту.

Жолугушуу Кыргызстандын шаарларынын мэрлери жана жергиликтүү кеңештердин башчылары менен болгон жолугушуулар сериясынын алкагында өттү.  

Жолугушуунун негизги максаты – кызматташтыкты активдештирүү, жергиликтүү жамааттардын ар кыл багыттарында пикир жана тажрыйба алмашуу, шаарларды өнүктүрүүдө алдыңкы концепциялар жана жетишкендиктер менен бөлүшүү.

“Биз караколдук кесиптештерибиз менен активдүү кызматташууга даярбыз. Жакын арада Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин алкагында жолугушуу сунушу бар, себеби, Бишкек шаардык кеңеш аталган уюмдун Башкармалыгынын мүчөсү болуп эсептелет,” – деди Алмаз Кененбаев.

Мындан тышкары тараптар социалдык сектор боюнча, аны өнүктүрүү, иштин таасирдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.