Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейилбакта Ленинград блокадасынын бузулгандыгынын 75 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Ишчарага борбор калаа парламентинин спикери, депутаттары, муниципалитеттин өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси, Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлери, Ленинград блокадачылары, оорукта эмгектенгендер, коомчулук өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышты.

Митинг белгилүү совет диктору Юрий Левитандын Ленинград блокадасынын бузулгандыгы тууралуу кабарынан башталды.

Ардак кароол ротасы эстеликке гүлчамбар коюп, үч жолку мылтык салюту атылды. Курман болгондорду эскерүү минутасы болду.

“Ленинград блокадасы - Советтер союзунун элдеринин тарыхындагы эң трагедиялуу, ошол эле убакта  эрдик окуя. Ленинград блокадасынан бошотулган күн – бул аскердик эрдик күнү, элдин духунун жана майышпас эркинин салтанаттуу майрамы! Ардагерлердин жүрөгүндө,  урпактардын эсинде Улуу Ата Мекендик  согуштун баатырлары жашайт жана жашай берет.

Ата Мекен үчүн күрөшкөндөргө жана белгисиз аскерлерге түбөлүк даңк, алар биздин дайыма эсибизде сакталат, баш ийип таазим кылабыз!”-деди Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев.

Ошондой эле мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу Бакыт Дюшембиев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Анна Кутанова жана башкалар сөз сүйлөштү.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү органдарынын каттоосунда 196 согуш ардагери турат, анын ичинде Ленинград блокадачылары – 42.