Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 2017-2020-жылдарга “Жагымдуу шарттардын шаары” социалдык-экономикалык өнүгүү программасын талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун ишине Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, депутаттары, Бишкек шаарынын мэри, вице-мэрлери жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери  катышты.

Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев талкуу кеңири форматта, ачык жана ар тарптуу өткөндүгүн белгиледи.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов документтин келечектүү жана амбициялуу пландарына көнүлдү бурду. “Таптакыр стандарттуу эмес өнүгүү багыттарын издөөнү сунуштайм. Биз бул долбоорлордун пайдубалын түптөшүбүз керек. Өз каалоолоруңуздардан коркпогула, алар аткарылуу сапатка ээ”,-деди шаар башчы.