Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкекте аталган номинацияларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул ишчара “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын  демилгеси менен    уюштурулуп, ар кыл багытта эмгектенген мыкты педагогдордун  эмгегин белгилөө максатын көздөйт.

Салтанат ар жылы өткөрүлөт жана быйыл 4-жолу өткөрүлүп жаткандыгын белгилөө зарыл. Быйылкы жылдын номинанттарынын бири – Максим Галкиндин “Лучше всех” шоусунун катышуучусу Албан-Али Алим уулу болду.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев Албанга “Эң мыкты ата-энелер” номинациясын, энциклопедия жана таттуу белек тапшырды.

“Жаш туруп жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө ушунчалык билгениң – сенин билимге болгон умтулууң, кызыгууң жана мыкты эс тутумуң жөнүндө айтып турат. Шоудагы стартың сени келечек жеңиштериңе алып келсин!”-деди борбордун паламентинин спикери.