Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев “Манас” медиа радиостанциясынын “Бардыгы жөнүндө” радиоберүүсүнө катышты.

Уктуруу түз эфирде болуп өттү. Угармандар жана социалдык тармактардын колдонуучулары  шаардык парламенттин спикерине өз суроосун берүү мүнкүнчүлүгүн алышты. Алмаз Кененбаевдин радиоуктурууга катышуусү жөнүндөгү жаңылык соцтармак колдонуучуларынын арасында абдан популярдуу болду. Эфирге чейин борбордун парламентинин спикеринин уктурууга катышуусу жөнүндөгү  жаңылык 44 миң көрүүгө ээ болду.

Түз эфирдин жүрүшүндө угуучулардан ар тараптуу-ирригциялык тармактардан тартып, ТЖКЧ, жолдорду оңдоо, бала бакча, мектеп куруу жана жеке маселелерге чейин суроолор келип түштү.

45 мүнөттүк эфир ичинде Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев 20дан ашык суроого жооп берди.