Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкектиктер жана борбордун меймандары өлкөнүн башкы балатысынын жандырылышынын күбөсү болушту.

Жаңы жылдык салтанаттуу ишчара борбордук “Ала-Тоо” аянтында болуп өттү.

Меймандарды жомоктун персонаждары болгон Актан, Акылай, Телибай тентек, Аяз ата жана Аяз кыз тосуп алышты. Балдардын чыгармачыл топтору театрлаштырылган программасын көрсөтүштү, ал эми эстрада ырчылары майрамдык маанайды түзүп жатышты.

Балдар жана чоңдор жомоктун персонаждары менен чогуу балатыны айланып, ырдап, бийлеп жүрүштү.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өлкөнүн башкы балатысын жандырышып, Жаңы жылдык майрамдарга старт беришти.

Бишкектиктер жана шаардын меймандары жаңы жылдык оюнчуктардын кооздугуна суктанып, театрлаштырылган шоу менен концертке күбө болуп кайтышты.