Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн, 15-декабрда борбордук “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи болмокчу.

Ишчарага Бишкек шаардык кеңштин төрагасы, депутаттары, Бишкек шаарынын мэри, мэриянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, шаардын тургундары жана меймандары катышат.

Балатынын бийиктиги 25 метрди түзөт, аны миңге жакын оюнчук жана 40 миңге жакын светодиоддук чырак кооздойт. Шаарды жаңы жылдык кооздоого  жана майрамдык ишчараларды  өткөрүүгө муниципалитет 3,5 миллион сомго жакын каражат сарптоону пландоодо.

Салтанаттуу ишчаранын программасына ылайык борбордун балдар чыгармачыл топтору театралдаштырылган постановка көрсөтүшмөкчү. Бул театралдаштырылган оюнга 200 бала тартылган.

Мындан тышкары кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа пландалууда.