Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңеште көпчүлүк коалициясы түзүлдү. Ага “КСДП”,  “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан”  фракциялары кирди.

Көпчүлүк коалициясынын лидери болуп Таалайбек Сагынов шайланды. Көпчүлүк коалициясынын лидери бир жылга шайланат. Бир жыл өткөндөн кийин коалициянын кезектеги жыйынында коалициянын жаңы лидери шайланат.

Коалициялык макулдашуунун маңызы болуп  калктын жашоо турмушун камсыздоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечилүүчү Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык, улуттук-маданий, шааркуруу проблемаларын чечүүгө багытталган  фракциялардын кызматташуусу эсептелет.