Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

“Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкцияланган, багытын өзгөрткөн, кайра пландалган объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобо турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында бир топ маселелерди жана кызуу талкууну жаратты. Маселе комиссиянын күн тартибинде узак убакыттан бери турат.

 

“Бишкек шаарынын Түштүк зонасы инженердик жана коммуникациялык тармактарынын жоктугунан узак убакыттан бери өздөштүрүлбөй келген. Биздин милдет – канализация жана суу менен камсыздоо маселелерин чечүү. Шаар мына ушундай негиздеги документке муктаж”,-дейт вице-мэр Бакыт Дюшембиев.

 

Учурда Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын инженердик тармактар жаатындагы чектери аныкталган. Жалпы аянты 960 гектарды түзөт.

 

Түштүк зонасы боюнча чыгымдардын жалпы көлөмү – 1 млрд.825 млн. 218 миң 582 сомду түзөт, анын 591 млн. 701 миң 600 сому – грант, 640 млн. 516 миң 982 сому – кредит.

 

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализацияны өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу  борбордун тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртып, шаардын бул бөлүгүнүн инженердик  инфраструктурасынын проблемаларын чечээрин белгилешти.