Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Канатбек Музуралиев Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Түндүк шайлоо аймагынын майыптарына жардам көрсөттү. Кайрымдуулук акциясы кечээ, 3-декабрга белгиленген Эл аралык майыптар күнүнүн алкагында өткөрүлдү.

Канатбек Музуралиев катышуучунун ар бирине 3 миң сомдон тапшырды. Аталган ишчара депутат тарабынан биринчи ирет уюштурулуп жаткан акциясы эмес экендигин белгилеп кетүү зарыл.

“Бул адамдар – ар күнү өз дарты менен күрөшүп, жеңилбей  келе жаткандыктан, өзгөчө категорияга тиешелүү адамдар болуп эсептелишет. Мен алардын эрдигине жана эркине баа берем. Коомубузга жана жеке өздөрүнө жашоонун ар кандай кыйынчылыктарын жеңе алгандыгын далилдеп келе жаткан майыптардын жашоодогу активдүү позициясы бийик урматка татыйт”,- дейт Канатбек Музуралиев.