Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын “Энесай” кабыл алуу үйүндө жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инагурациясы болуп өттү.

Салтанаттуу аземге 450гө жакын адам чакырылган. Алардын арасында республиканын эл баатырлары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин депутаттары: Алмаз Кененбаев, Даниярбек Иманалиев, Эрмек Усубалиев, Жаныбек Абиров жана Алмаз Уланов болушту.

Бишкек шаардык кеңештеги “КСДП” фракциясынын  лидери Алмаз Кененбаевдин айтымында, Кыргызстандын соңку тарыхында бийлик биринчи ирет тынчтык жолу менен өткөрүп берилип отурат. “Бул – демократиялык багытка түшкөндүктүн чыныгы белгиси. Бийликти  тынчтык жолу менен өткөрүп берүү  - мамлекетибиздин туруктуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизи болуп калды. Бул тарыхый окуя болгондуктан, мен анын күбөсү болгондугума кубанычтамын”, - дейт Алмаз Кененбаев.