Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү мэриянын шаардык кызматтарынын Бишкек шаарында 2017-2018-жылдардагы кышкы от жагуу мезгилине даярдыгы жана өтүүсү боюнча маалыматын угушту.

Учурда Бишкек шаарында 2589 көп кабаттуу турак үй, 81 саламаттык сактоо мекемеси, 93 билим берүү мекемеси жана 87 бала бакча жылуулук берүүгө кошулган.

ЖЭБ жана шаардын отканалары отун менен керектүү деңгээлде камсыздалган. “Бишкекжылуулукэнерго” КИси от жагуу мезгилине 62 откана даярдаган. Бишкектин ЖЭБинде учурда модернизациялоону эске алуу менен 17 буу энергетикалык казан жана 9 турбоагрегат орнотулган.Калкты отун менен камсыздоо багытында: 174,9 миң тонна планында – 120,5 миң тонна көмүр даярдалган (69%), анын 5,5 миң тоннасы жеңилдик менен берилүүчү (85%), план боюнча 6,52 миң тонна көмүр болушу керек. Көмүрдүн баасы 2590 сомдон 2695 сомго чейин. Жылдын аягына чейин 54 миң тонна көлөмүндө көмүр даярдалмакчы.

Жыйындын жүрүшүндө райондордо беш отун базасы жана 16 стационардык борбор уюштурулгандыгы айтылды. Кышкы сезондун башталышы менен борбор калаанын конуштарында 30га жакын стационардык борбор ачылаары айтылды.

“Тазалык” МИсинин начальниги Рыспек Сарпашевдин сөзү боюнча, тоңголок менен күрөшүү үчүн учурда 9255,5 тонна кум (84%) жана 850,0 тонна туз (100%) даярдалган. Былтыркы жылдан калган калдыкты 11400,8 тонна кум жана 877,3 туз түзөт. Интерттүү материалдарды алып келүү графикке ылайык уланууда.