Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн Бишкек шаарында “Жол кооспуздугу” коомдук уюму тарабынан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун  Бишкектеги программалык офиси,  Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын ИИМинин ПМББсы, Бишкек шаарынын ИИББсынын ПМБсы менен биргеликте уюштурулган  “Жолдогу коопсуздук:жоопкерчилик зоналары” улуттук форуму өттү.

Аталган форумга Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко катышты.

Форумдун максаты – Кыргыз Республикасындагы  жол коопсуздугу боюнча проблемаларды чечүү  үчүн көрүлүп жаткан чараларды талкуулоо, ошондой эле бул чаралардын натыйжалуу ишке ашырылышына тоскоолдук жаратып жаткан факторлорду табуу, жол кыймылынын коопсуздугуна Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын арасында жоопкерчилик чектерин аныктоо.

Форумдун катышуучулары болгон – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, бейөкмөт уюмдардын, автомектептердин өкүлдөрү жана укук коргоочулар  республикадагы жол транспорт кырсыктарынын өсүшүнүн себебин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын ИИМинин ПМББсынын начальниги  Иманалы Саркуловдун айтымы боюнча жол кыймылынын коопсуздугу проблемасы учурда өтө курч турат. “Абалды жакшыртуу боюнча чаралар комплекси жүргүзүлүүдө. Жол кырсыктардын жана андагы өлүмдөрдүн өсүшү 2013-жылы катталып, каза болгондордун саны 1220 адамга жеткен. Акыркы жылдары абал жакшы жакка өзгөрдү, жол кырсыктардын жана өлүмдөрдүн саны кыскарды,” – деди Иманалы Саркулов.

Талкуудан кийин форумдун катышуучулары резолюция кабыл алышты, ал резолюция жол коопсуздугун жакшыртуу боюнча сунуш катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилмекчи.