Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Прокуратура кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешти.  Бул ведоствонун түзүлгөн күнүнүн 93 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын көзөмөлдөө органынын кызматкерлери чогулган Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын прокурору - Абдибакыт Халмурзаев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы - Канатбек Музуралиев, Бишкек шаарынын ИИББсынын начальниги - Сталбек Рахманов, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри - Ренат Макенов жана башка чакырылгандар катышты.

Көзөмөлдөө ведомствонун өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Бишкек шаардык кеңештин төрагасы  шаардык парламенттин сыйлыктарын тапшырды. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө, прокуратуранын иши татыктуу сыйга, авторитетке, ыраазычылык билдирүүгө ээ экендигин жана мыйзамдын ишенимдүү сакчыларынын мындан аркы ардактуу наамы аларга жаңы күч берүүсүн белгиледи.

“Түзүлгөн мезгилден тартып ушул күнгө чейин прокуратура –Кыргызстандагы мамлекеттик бийлик тутумундагы маанилүү институттардын бири болуп келет. Прокуратура органдары мамлекеттин атынан мыйзамдарды аткарууга жогорку көзөмөл жүргүзүү менен, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого чоң салым кошууда. Жарандарыбыздын укуктарын жана эркиндигин камсыздоо, алардын коопсуздугун жана мамлекеттик кызыкчылыкты коргоо-түздөн-түз силердин натыйжалуу ишиңиздерден көз каранды”-деди Канатбек Музуралиев.