Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкекте төртүнчү ирет маданий ишчара – “Түндүк Кавказ элдеринин маданияты” эл аралык фестивалы өттү.

Аталган маданий ишчарага Кыргызстандын чыгармачыл топтору жана Казахстандан келген меймандар катышышты. Сахнада өз өнөрлөрүн “Исламей”, “Учкулан”, “Ассоль” бий ансамблдери, Assa Parti москвалык бий студиясынын филиалынын тарбиялануучулары, Кыргыз Республикасынын эл артисти Султан Каримов, республиканын эмгек сиңирген артисти Игорь Воронцов, “Минги-Тау” (Алматы, Казахстан) ансамбли жана башкалар көрсөтүштү.

Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин, Роскызматташтыктын өкүлчүлүгүнүн жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын колдоосу менен “Ата-Джурт” карачайлар эл аралык ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Түндүк Кавказ элдеринин маданияты” IV эл аралык фестивалына Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко катышты. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана Роскызматташтык менен активдүү кызматташып келе жаткандыгын белгилей кетүү зарыл.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко шаардык парламенттин атынан “Ата-Джурт” карачайлар эл аралык ассоциациясынын төрагасы Зухра Шидаковага жана “Учкулан” ансамблине Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды.

Куттуктоо сөзүндө Бишкек шаардык кеңештин депутаты ишчаранын маанисине басым жасоо менен, фестивалдын максаты – көп улуттуу мамлекетибизде бирдиктүү маданий мейкиндикти, салттарды сактап калуу, элдердин достугун чыңдоо экендигин белгилеп өттү. “Ушундай фестивалдар байыркы элдерибиздин салттары менен таанышууга, көп кырдуу маданиятыбызды талдап билүүгө, жашоо образыбыз жана дүйнө таанымыбыз жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет. Фестиваль өлкөбүздүн чыгармачыл топторунун мыкты үлгүлөрүн көрсөтүп, кеңири журтту Кыргызстанда жашаган улуттардын маданияты менен тааныштырат. Фестиваль маданият аралык мейкиндикке жакшы тенденцияларды киргизип, улуттар аралык достукту бекемдейт. Кыргызстан элинин Ассамблеясы -Ассамблеяда өз өкүлчүлүгүнүн болуусу менен кыргызстандыктарды өз элинин каада-салттары менен тааныштыруучу, Кыргызстанда жашаган улуттарды жана элдерди бириктирүүчү  күч болуп эсептелет”-деди Валентина Лисниченко.