Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин ТЖКЧ, отун - энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болду.

 Комиссиянын мүчөлөрү мэриянын, “Тазалык” МИсинин, “Бишкек санитардык полигонунун өкүлдөрүн “Бишкек шаардык кеңештин “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча  кызматтарга тарифтер жөнүндө” токтомунун аткарылышы тууралуу” маселе боюнча, ошондой эле  “Бишкек шаарында катуу таштандыларды тескөө тутумун жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу жана РӨЕБнын кредитин жоюу маселеси боюнча угушту.

 2016-жылдын 1-январынан тартып калк үчүн, менчиктин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн, Бишкек шаарынын пенсионерлери үчүн, борбордун бюджеттик уюмдары жана мекемелери  үчүн катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана көмүүгө тарифтер бекитилген.

 Туруктуу комиссиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңештин бул токтому Бишкек шаардык кеңештин токтому тарабынан белгиленген ченемдерди бузуу менен толук эмес көлөмдө аткарылып жаткандыгын депутаттар белгилешти. Жыйынтыгында, мэрияга  “Тазалык” МИсине жана “Бишкек санитардык полигону” МИсине ичики аудит жүргүзүүнү тапшыруу чечими кабыл алынды. Аудиттин жыйынтыктары жөнүндө 10 күндүн ичинде Бишкек шаардык кеңешке маалымат берсин.