Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко ЖТК курмандыктарын эскерүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган акцияга катышты. Акция  жол-транспорттук кырсыктардын 938 курмандыгынын элестери менен арт-инсталляция коюлган К. Скрябин атындагы агрардык университеттин аймагында болду.

Уюштуруучу –Чынара Касмамбетованын сөзү боюнча ушунча адам 2016-жылы Кыргызстанда ЖТКнын курмандыктары болушту. Бул иш - чара  курман болгондорду эскерүү үчүн гана эмес, жолдордогу өлүмдөрдүн статистикасына көңүл буруу үчүн уюштурулгандыгын, Кыргызстанда жылына 1000ден ашык адам каза болоорун, өткөн жылы гана бул сан 938ге чейин төмөндөгөндүгүн билдирди.   Иш-чарада курман болгондорду аза күтүү минутасы менен эскеришти.

2017-жылдын январь айынан тартып Кыргызстандын жолдорунда 695 адам каза болду.

 “Жашоону артка кайтарууга мүмкүн эмес. Сизди жана сиздин жакындарыңызды ноябрь айынын ар бир  үчүнчү аптасында  эскербөө үчүн, жол-кыймылынын эрежелерин сактоо гана жетиштүү” – деп иш-чара катышуучулары айтышты.