Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

“Жал” кичирайонундагы  №14 жана №16 үйлөрдүн балдар аянчасынын айланасы корулду. Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Ленин районундагы өз шайлоочулары менен жолугушуу учурунда балдарды коркунучтан сактоо максатында балдар аянтчасынын айланасын коруп берүүгө жардам көрсөтөөрүн билдирген.

Аталган үйлөрдө балдар көп, ал эми короого келип кеткен автомашиналардын, таксилердин кыймылы балдардын өмүрүнө коркунуч жаратып келген.

Жергиликтүү тургундар депутаттык милдеттерине  жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы үчүн өз депутатына терең ыраазы.

Депутат Жаныбек Абировдун ою боюнча, депутаттын шайлоо участогундагы шайлоодон кийинки иши – анын депутаттык ишмердигин баалоонун негизги критерийи болуп эсептелиши керек.